www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» посту жана Өтмөк ашуусу оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап, жол кыймылына тоскоолдук жаратууда. Буга байланыштуу жол тазалоого атайын техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүп жатат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы айдоочуларды кар чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости