www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — Ош автожолунда 1-майга чейин жүргүнчү ташыган автобус жана бустарга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө техникалык абалы талапка жооп бербеген жеке унааларга да тиешелүү, мындай транспорт каражаттары “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөрүлбөйт.

Бул чаралар кыш мезгилинде жол кырсыктарын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

ЖКККББ айдоочуларды унааларын кышка даярдоо жана техникалык абалды жакшыртуу боюнча маалыматтандырып жатат.

Последние новости