www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев КР Эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 22-октябрда, КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев тарабынан муктаж болгон маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиреткулов Хабибилла Мустапакуловичке жардам көрсөтүлдү.

 Буга чейин үй-бүлөсүндө жашы жете элек балдары бар обончу жана композитор Азиреткуловдун турак жай маселесин жакшыртууга муктаж болгондугу, көп жыл бою ижарадагы батирде жашап келгени жөнүндө кайрылуусу Жогорку Кеңеш аркылуу УКМК төрагасы К.К.Ташиевге жөнөтүлгөн.

       Кайрылуунун натыйжасында Х.Азиреткуловдун оор турмуштук жагдайын жакшыртууга көмөк көрсөтүү иретинде Бишкек шаарынын кичи райондорунун бириндеги 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

       Белгилей кетсек, Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында иштеп, ушул күнгө чейин турак жайлуу болгон эмес. 8 балалуу болуп, анын төртөөсү бойго жетелектер. Азыркы учурда пенсия жашына жетип, 66 жашында Бишкек шаарындагы орто мектептердин биринде музыка сабагынан окутуучу болуп эмгектенет.

 Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн Президентинин тапшырмаларына ылайык, УКМК жетекчилиги тарабынан бардык тармактардын муктаждыгын чечүүгө, анын ичинде маданият тармагына да көңүл бөлүнүүдө. 

 Алсак, быйыл УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин спортзалын салып берип, андан сырткары жаңы заманбап окуу жай имаратынын курулушун баштады.


       

Последние новости