www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан тарта 2024-жылдын 10-майына чейин Бишкек — Ош жолу аркылуу сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) маршруттук автоунаалар, дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылбаган минивендер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Мындай чектөө кыш мезгилинде жол кырсыктардын алдын алуу максатында киргенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык билдирди.

“Чүй облусунун Сосновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү, анын ичинде сыйымдуулугу аз (16 орунга чейин) автобустар, ошондой эле кышкы дөңгөлөктөрү жок микроавтобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууну токтотуу иштери күчөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу ЖКККББ айдоочулардан кышка автоунаасын даярдабай туруп Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыкпоону суранат.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости