www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-октябрь күнү кечинде Бишкек шаарында жол тескөөчүнү унаа сүзгөн. Кайгуул кызматы бул кырсык боюнча маалымат берди.

Окуя 20:00 чамасында Жибек жолу менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Ауди 80» унаасы жол кыймылын башкарып жаткан Эламан Дүйшеевди сүзүп кеткен. Жол тескөөчүнүн талабына баш ийбеген айдоочу 51 жаштагы К.Ш. экени белгилүү болду.

Дүйшеев жаракатына карабастан кесиптештери келгиче жол кыймылын башкарууну уланта берген.

Ал эми «Ауди 80» унаасы айып короого коюлду. Тергөө жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости