www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек баатырдын эстелигине Тойотанын эмблемасын коюп коюшканбы?

Бүгүн, 14-апрелде борбор калаа ысымын алып жүргөн Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы болуп өттү. Ачылышка өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү катышты.

Эстеликтин ачылышынан сүрөттөр социалдык тармактарга тараганынан көп өтпөй алар талкуу чордонуна айланды.

Эстелик толугу менен бүтүп, ачылыш болгонго чейин да ал талкууга алынган. Тагыраагы Бишкек баатырдын артында турган тегерекчени интернет колдонуучулары "учуучу тарелка, НЛО" деп аташып көптөгөн мемдерди жасашкан.

Бул ирет социалдык тармактын колдонуучулары Садыр Жапаров менен Бишкек баатыр окшошуп калганын жазып чыгышты. Ал эми айрым колдонуучулар Бишкек баатыр Владимир Лениндин кыргыз версиясы экенин шакабалап жазышкан.

Мындан сырткары Бишкек баатырдын куру белгилүү Тойота маркасынын эмблемасына куюп койгондой окшош экенин жазышып, балким бул жашыруун жарнама деп да аташкан.

Сиз эстеликти кимге окшоштурдуңуз?

Бишкек баатырдын эстелиги "Бишкек башкы архитектура" ишканасы 2019-жылы өткөргөн мыкты долбоор ачык сынагынын жеңүүчүсү скульптор Адил Сейталиевдин эмгеги. Дал ушул эмгеги менен ал сынакта жеңүүчү аталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости