www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Диана Айдарова, акыркы убакта коомчулукта болуп жаткан саясий окуяларга өзүнүн көз карашын билдирип, пост жазды. Анда, бей өкмөт уюмдар, ЛГБТ өкүлдөрү активдешип кеткенин белгилеген.

Тексти өзгөртүүсүз беребиз:

Акыркы жарым жылдагы байкоолорум! Оюндан от чыгып кетпесин!

Сөзүмдү узак жазгым келип жатат, бирок азыр текст окугандан деле зээригишет. Ток этерин айтканда:

1. Американын таасириндеги саясий топтор, мурдагы бийликти кетирүүгө “Реакция2020” деген кыймыл менен аракетин баштаган. Аталган кыймыл, өлкөдө чымчык өлүп калса дагы шылтоо кылып көчөгө чыгаар эле. Анын айланасына чогулгандар акырындап, пандемия, парламенттик шайлоону шылтоо кылып баш-аламандык уюштурду. Максаттары ошол күнү бийликти алуу болчу. Бирок кыргыз эли аларга бийликти берген жок, элдин тандоосу башка болду.

2. Түпкүлүгү “Реакция2020” кыймылы аралашкан НПО, ЛГБТ жана башка жарандык активисттер, “Баштан башта” деген кыймылдар алдырып жиберген ооматын кайра алууга дагы деле каалоосу күч.

Мурдагыдай эле аракеттер, ар кандай саясий окуяларды шылтоо кылып митинг уштуруп, ар жекшембиде темселеп көчөгө чыгып кыйкырып жүрүшөт. Булардын негизги максаты, бийликти элге жек көрсөтүү, ыӊгайлуу мезгилде тополоӊ чыгарып, бийликти батышчылдардын колуна алуу. Бирок ал тилегиӊер ишке ашпайт.

3. Байкоо салсаӊар, НПО сектор көчөгө чыкканга себеп жок калса, адамдын кайгысын, Айзаданын өлүмүн бетине кармап алып чыгып жатышат. Бирок митингде башка саясий каалоолорун, эӊсөөлөрүн кошуп салышууда.

4. Бүгүн, интернетте көп чакырыктарга көзүм чалдыкты. Эртеӊ, 15-апрелде ушул эле НПО, ЛГБТ жана бийликке таарынычы бар адамдар митинг кылышат экен. Кылбай деле коюшса болмок, тажатышты. Аларга каршы анти-митинг, улутчулдар дагы чогулуп жатышыптыр, эски аянтта саат 11де. Бул эки топ кагылышып, чоӊ чыр чыгып кетиши мүмкүн. Азыр улуу Рамазан айы. Митинг, кагылышуулар жана каршылыктар болбошу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости