www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туристтик сезондун башталышы менен Бишкек – Балыкчы темир жол каттамында жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар күчөтүлдү.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эс алуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу темир жол транспортундагы милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.

Поезд каттамдарында милиция кызматкерлери профилактикалык иштерди жүргүзүп, жүргүнчүлөргө жеке буюмдарын кароосуз калтырбоо жана шектүү жагдайларга күбө болушса, дароо милиция кызматкерлерине же поезд коштоочуларына кайрылуу керектигин эскертишүүдө.

Мындан тышкары, ар бир каттамдын алдында поезддер милдеттүү техникалык кароодон өткөрүлүп, коопсуздук, байланыш жана өрт коопсуздугу системалары текшерилет.

Ал эми поезд коштоочулары жүргүнчүлөргө өз убагында жардам көрсөтүү үчүн атайын нускамадан өтүшөт.

ИИМ жарандарды жол жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоого жана сак болууга чакырат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости