www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина жана Молдова Евробиримдикке мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын баштайт. Бул тууралуу «Блумберг» басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Венгриядагы бийлик алмашкандан кийинки саясий кырдаалдын негизинде кабыл алынган. Жаңы премьер-министр Петер Мадьяр жана анын өкмөтү мурдагы премьер-министр Виктор Орбан жүргүзүп келген сүйлөшүү процессин бөгөттөө саясатын токтоткон.

Билдирүүгө ылайык, дүйшөмбү күнү Евробиримдик талапкер өлкөлөр өтүүгө тийиш болгон алты сүйлөшүү кластеринин биринчисин расмий түрдө ачат.

Ошондой эле Евробиримдик жакынкы айларда сүйлөшүүлөрдүн башка багыттарын да этап-этабы менен ачууну пландап жатканы кабарланды.

Последние новости