www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери керектөө баалары туруктуу өсүштү көрсөтүп жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, декабрдан бери инфляция 4,8 пайызды түзсө, жылдык көрсөткүч 11 пайызга жетти.

Баалардын эң көп өсүшү калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдө (7,1%), алкоголь жана тамеки продукциясында (6,5%), ошондой эле азык-түлүк жана суусундуктарда (4,8%) катталды. Өндүрүштүк эмес товарлар салыштырмалуу жайыраак өсүп, 2,8 пайызга кымбаттаган.

Азык-түлүк рыногундагы негизги өзгөрүүлөр:

Жыл башынан бери эң чоң кымбаттоо жумуртка (13,2%) менен жаңы жемиштерде (13,7%) байкалган. Ошондой эле эт азыктары да кымбаттады. Кой эти 11%, уй эти 9,4%, картошка 10,2% өстү.
Сүт азыктары 6,2%, колбаса жана консерваланган эт азыктары 4,5%, макарон 4% кымбаттады. Ал эми кант жана майлар да өсүш көрсөттү.

Бирок айрым азыктар арзандады: жаңы жашылчалар 7%га, куюлган сүт 5,6%га, күрүч 2,1%га төмөндөдү.
Аймактар боюнча абал

Баалар өлкөнүн бардык аймактарында өсүүдө. Эң жогорку инфляция Ош облусунда катталды – 10,3%. Бул жерде өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр жана алкоголдук-тамеки товарлары кескин кымбаттаган.
Иссык-Көл облусунда азык-түлүк бааларынын өсүшү өзгөчө байкалган (6,9%).

Расмий статистика көрсөткөндөй, баалардын туруктуу өсүшү калктын сатып алуу жөндөмүнө басым жасап жатат. Айлык кирешелер өссө да, инфляциянын ылдамдыгы көп учурда бул өсүштү “жеп” кетүүдө.

Последние новости