www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жарлыгына ылайык чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айып короолорунда турган автоунаалардын ээлери транспорт каражаттарын алып чыгып, аймактык ЖКККББ бөлүмдөрүнө кайрылуу аркылуу мыйзамдаштыруу жол-жобосунан өтө алышат.

"Мыйзамдаштыруудан мурда бардык айып пулдар жана милдеттүү төлөмдөр толук төлөнүүгө тийиш.

Ошондой эле айып короолорунда сакталган автоунаалар үчүн жеңилдетилген тариф каралган: бир суткага төлөм 50 сомду түзөт жана жалпы эсептелген суммадан 50 пайыздык жеңилдик берилет.

Жарандарды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн өткөрүп жибербөөгө жана берилген мүмкүнчүлүктөн өз убагында пайдаланууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости