www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чакан ГЭС» ААК ГЭС-6дагы №2 гидроагрегаттын капиталдык оңдоо иштерин толугу менен аяктады.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда оңдолгон жабдуу күчөтүлгөн жүктөмдө сыноодон өткөрүлүп жатат. Бардык сыноолор ийгиликтүү аяктагандан кийин гидроагрегат кадимки иш режимине киргизилет.

Министрликтен белгилешкендей, өлкөнүн энергетикалык тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында гидроэлектр станцияларында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

2026-жылга бекитилген планга ылайык, ГЭС-3түн №1, ГЭС-4түн №1, ГЭС-5тин №2 жана ГЭС-6нын №2 гидроагрегаттарында капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатындагы орточо оңдоо ийгиликтүү аяктаган.

Азыркы учурда ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты капиталдык оңдоодо болсо, ГЭС-1дин №1 гидроагрегаты орточо оңдоодон өткөрүлүп жатат.

Энергетика министрлиги пландуу оңдоо иштери гидроэлектр станцияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн арттырууга жана энергообъекттерди күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Последние новости