www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен жетишилген макулдашуулар согушту токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого карай маанилүү кадам экенин билдирди. Бирок ал акыркы келишим азырынча толук түзүлө электигин белгиледи. Бул тууралуу ал өзүнүн X баракчасында жазды.
Пезешкиандын айтымында, Иран бардык мүмкүн болгон жагдайларга даяр жана өкмөт келишим болобу же болбойбу, элге ак ниет кызмат көрсөтүүгө көңүл бурат.
Ал ошондой эле узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тексти колдоого алынганын айтты.
«АКШнын иран элинин укуктарын урматтоо боюнча чыныгы ниети иш жүзүндө текшерилиши керек. Ирандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого байланышкан жоболордун киргизилишинде Жогорку лидердин көрсөтмөлөрү чоң роль ойноду жана бул үчүн ага ыраазычылык билдиребиз», – деди Пезешкиан.