www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек–Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Мындай чечим коомчулуктун суроо-талабынын негизинде аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөрбөйт. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.

Жөнөө жана келүү убактысы:

  • Бишкек-2 бекетинен жөнөө — 08:06;
  • Балыкчы бекетине келүү — 12:12;
  • «Балыкчы пляж» токтоо пунктуна келүү — 12:37;
  • «Балыкчы пляж» пунктунан кайра жөнөө — 18:40;
  • Бишкек-2 бекетине келүү — 23:11.

Бишкек-2 темир жол бекети Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан.

Поезддин курамында 16 вагон каралган. Алар аймактар аралык (МО), «Люкс», «ВИП» жана «ВИП купе» категорияларына бөлүнөт.

Жол кире акысы:

Аймактар аралык вагондор (МО):

  • Чоңдор үчүн: накталай — 180 сом, накталай эмес — 150 сом;
  • Балдар үчүн (5-10 жаш): накталай — 90 сом, накталай эмес — 73 сом.

«Люкс» вагону:

  • Чоңдор үчүн: накталай — 600 сом, накталай эмес — 500 сом;
  • Балдар үчүн: накталай — 300 сом, накталай эмес — 250 сом.

«ВИП» вагону:

  • Чоңдор үчүн: накталай — 1000 сом, накталай эмес — 800 сом;
  • Балдар үчүн: накталай — 500 сом, накталай эмес — 400 сом.

«ВИП-купе» вагону:

  • Накталай — 7200 сом, накталай эмес — 6000 сом.

Последние новости