www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек «бөө» шаардан көө шаарга айланып баратабы?

Экс-мэр Балбак Түлөбаев өткөн жылдагы карантинде гумжардамга келген азык-түлүктөрдү элге беримиш болуп, дүкөндөрдөн саттыра баштаган соң, Бишкек «бөө» шаарга айланган. Андан соң ал Бишкекке бир-эки ай мэр болду. Иш ордунан жылбай, «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей Бишкектин аты маалымат беттеринде угула баштады. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген. Баш калаанын үстүнө үйүлгөн ышты быйылкы жылы токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бишкек дүйнө жүзү боюнча кара түтүн каптаган, абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Эми ошол кара түтүндөн арыла албай, оору күчөп жаткан чакта, элдин саламаттыгына каршы дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатышат.

Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Акырындык менен Бишкек ТЭЦин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтүшүбүз керек. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Азыркы учурда ТЭЦти да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз.

Мөөнөтү бүтсө да өжөрлүк менен иштеп жаткан парламент тарабынан Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну демилгеледи. Парламент Кыргызстаныбыз сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, «таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жатышат.

Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп. Эгер өкмөт начар сапаттагы күйүүчү отунду сырттан ташып келүүгө жана өлкөнүн ичинде өндүрүүгө тыюу салса, абанын булганышы бир топ азаймак. Дүйнө жүзү боюнча К4 жана К5 сапаттагы бензин (Евро 4 жана Евро 5тин аналогу) колдонууга ылайыктуу деп эсептелет. Бирок мыйзам долбоору өтүп кетсе, андай сапаттуу бензин бизде 2023-жылдан баштап гана сатыла баштайт! Анда да техрегламентти киргизүүнү дагы жылдырып салышпаса эле. Ага чейин кара түтүндөн арылбай тумчуга беребиз, анткени биз сапатсыз бензинге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбооруна өкмөт эмгиче заключениесин бере элек. Экс-мэр Балбак Түлөбаев ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынарын билдирген.

Абанын булгануусу боюнча Бишкек дүйнөдө алдыңкы орунду бербей турат. Деги Бишкекти каптаган ышты жок кылуунун жолу барбы? Бишкекте масштабдуу жашылдандыруу болушу керек. Союз убагында Бишкекти жашыл шаар деп эсептечү, ал эми Бакиевдин заманында  2008-жылы Нариман Түлеев мэр болуп турганда  300 миңден 500 миңге чейин бак-дарак тигилген. Азыр аларды 1 миллионго жеткиришибиз зарыл. Муну горизонталдуу жашылдандыруу деп коет. Мындан тышкары вертикалдуу жашылдандыруу бар. Финляндия сыяктуу суук мамлекеттерде да вертикалдуу жашылдандыруу бар, мох, жана башка бак-дарактар тигилет. Алар тигилсе жайында да, кышында да шаар жапжашыл болуп алардын баары кислород берет. Экинчиден, Орусия менен бир келишимге келип, газдын баасын ылдыйлатып, ТЭЦти мазут менен газга тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул маселени чечүү шаардын колунан келет. Эгерде кымбат боло турган болсо, дотация кылыш керек. Мурда ушундай учур болгон, 2008-2009 –жылдары тариф көтөрүлүп, Бишкектин жашоочуларына 350 миллион сомду дотация кылып берилген. Мындан тышкары катализатору жок машиналарды Кыргызстанга киргизбешибиз керек. Азыр жеке үйлөрдүн бардыгы көмүр жагып жатпайбы, “Кыргызгаз” ушул багытта катуу иштеп, мындай үйлөрдүн бардыгын газга өткөрүшү зарыл. Ушул маселелер чечилсе эле ыш жок болот. Бишкектин булганышы боюнча маселе оор аны бүгүнкү мэр Бактыбек Кудайбергенов ойлонобу же шайлоодон кийин Бишкекке ким мэр болуп келсе ошол ойлонобу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости