www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган киши менен анын шериги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Колго түшкөн Л.Д.Э. жана анын шериги Т.У.Ж. Сокулук районунун жашоочусун ортомчулук кызматты мыйзамсыз негизде жүргүзүүгө айыптап, «кылмыш жоопкерчилигине тартыласың» деп коркутушкан.

«Шектүүлөр жарандан жалпы жонунан беш миң доллар талап кылышкан. Л.Д.Э. арыз ээсинен буга чейин миң доллар алууга жетишкен. Кийин ИИМдин ички иликтөө кызматы эки шектүүнү 50 миң сом алып жаткан жеринен кармаган», — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөндөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости