www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 2-мартындагы чечими менен мурда камакка алынган "Бишкек ЭЭАнын" мурдагы жетекчиси Дүйшөн Ирсалиев үй камагына чыкты.Бул тууралуу Биринчи Май сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баш коргоо чарасы Дүйшөн Ирсалиевдин 20 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун негизинде өзгөртүлдү.

Ал 2021-жылдын 6-майына чейин үй камагында болот. Буга чейин сот УКМКнын СИЗОсунда камакта кармоо менен баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтүн 2021-жылдын 6-мартына чейин узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости