www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Паспортуна улут графасын жаздыргандардын басымдуу бөлүгү - башка улуттун өкүлдөрү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 13 миң жаран паспортуна улут графасын жаздырган, алардын 8 миңи - башка улуттун өкүлдөрү.
Улут графасын көрсөтүү - жарандын өз эрки, кааласа көрсөтпөй коюуга укуктуу.
Мөөнөтү өтүп кеткен паспорт ээлери калкты тейлөө борборлоруна барып, мөөр бастырышы керек. Ал документтин жарактуулугун камсыздайт.
1-майга чейин мөөр басылган паспорт менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө барууга болот.
«Паспорттун бланкалары жетишсиз болгондуктан, жалпы жарандык паспорт оорусуна, окуусуна байланыштуу чет жакка чыгуучуларга гана берилүүдө. Май айынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту берип баштайбыз», - дейт Мамбеталиев.
Булак: NazarNews.kg