www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Google Орусияга эмне үчүн айып пул төлөдү?

Google Орусияга 3 млн. рубль айып пул төлөдү. Корпорация бул акчаны Орусияда тыюу салынган маалыматты издөө формасынан алып салбаганы үчүн төлөп берген. Бул тууралуу «Роскомнадзор» маалымдады.

Белгилей кетсек, буга чейин Google Орусияга 2019-жылы 700 миң, былтыр 1,5 млн. рубль айып пул төлөп берген.

Орусияда 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, интернеттеги издөө формасы тыюу салынган сайттардын реестрине байланып, издөө учурунда аларды чыгарбашы керек.

«Роскомнадзор» 10-мартта Орусияда Twitterдин иши жайлаганын маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечим аталган платформа жашы жете электерди суицидге түртүүчү, маңзат пайдалануу тууралуу маалыматтарды жана балдардын порнографиясы деп эсептелген контентти алып салуудан баш тартканы үчүн кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости