www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иштер жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлайт.
Анда Башкы прокуратура жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы баалуу металл камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз иштер жүргөн фактыларды аныктаганы айтылган.
"Бажы кызматынын жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) кызмат адамдарынын колдоосу менен аталган аймакта уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири уулуу заттарды колдонуу менен курамында алтын бар кендерден алтын бөлүп алуу боюнча көп убактан бери мыйзамсыз иштерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды", — деп билдирет маалымат кызмат.
Белгиленген факт боюнча Баш прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө башталганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg