www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус бийлиги камактагы оппозиционер Алексей Навальныйды жана анын бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошту. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктары билдирет.
Навальный жана анын өнөктөштөрү Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдиновдун аты-жөндөрү "Росфинмониторингдин" тизмесинде 25-январда пайда болду. Ал тизмеде, ошондой эле, ашынган улутчул топтор, "Талибан", "Ислам мамлекети" сыяктуу чет элдик террорчул уюмдар дагы бар.
Орус мыйзамдарына ылайык, тизмеге киргизилген адамдардын банктык эсептери дароо камакка алынышы керек. Эки аптадай мурда бул тизмеге Навальныйга жакын дагы эки адам - Леонид Волков менен Иван Жданов кошулган.
Былтыр Москва шаардык соту Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан. Бул уюмдар менен кызматташкан адамдар да узак убакытка кесилиши мүмкүн.
Эске салсак, 2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык заты менен ууланып, кийин Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келээри менен камалган. Ал - Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга албайт. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.
Булак: NazarNews.kg