www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун бир тарабы убактылуу жабык экенин билдирди.

Ал эми экинчи тарабы ачык.

Азыркы тапта Бишкек-Кант-Токмок жолунун Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгүндө жумуштар жүрүүдө. Курулушка тоскоол болгон объекттер алынып жатат. Тагыраагы 3,85 чакырымга созулган жолдун бул бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

Алдыда Бишкек-Кант-Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот. Азыркы тапта аталган унаа жолдун 14,5 чакырымын долбоорлоо иштери аткарылууда.

Бишкек-Кант-Токмок жолунун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башкалар каралган.

Последние новости