www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын оппозициядагы Республикалык элдик партиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерди көрсөтүү үчүн праймериз өткөрдү. (Ред. Праймериз – бул саясий партиядан шайлануучу кызматка талапкерди көрсөтүүнүн жол-жобосу). Стамбулдун камакка алынган мэри Экрем Имамоглу 14 миллион 850 миң добуш алды. Бул тууралуу Sözcü жазды.
Экрем Имамоглу праймеризде жалгыз талапкер болгон. Сот Стамбулдун мэрин камакка алуу чечимин чыгарган күнү партия добуш берүү өткөрдү.
«Биздин партиянын 1 миллион 750 миң мүчөсүнүн 1 миллион 670 миңи добуш берүүгө катышты. Тилектештик урналарын орнотууну чечтик. Тилектештик урналарына берилген добуштардын жалпы саны 13 миллион 211 миң болду”, — деди партия төрагасы Өзгүр Өзел.
Праймериз – бул саясий партиядан шайлануучу кызматка талапкерди көрсөтүүнүн жол-жобосу.
19-мартта Стамбулда жана Түркиянын башка шаарларында келе жаткан президенттик шайлоодо түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы деп эсептелген Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу кармалган. Анын кармалышынан кийин нааразычылык акциялары башталды.
Имамоглу коррупция жана террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелүүдө. Тергөөнүн алкагында 100гө жакын адам кармалганы, анын ичинде саясатчылар, журналисттер жана ишкерлер болгону маалымдалган. Имамоглу камакка алынгандан кийин анын социалдык тармактарында “элдин эркин коркутуу же мыйзамсыз аракеттер менен басууга болбойт” деген билдирүү пайда болгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган.