www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-июлда эртең менен Бишкек шаарындагы Б. Юнусалиев көчөсү 16 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыккан.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун (ГИССИП) адистери тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында имараттын чатырынын бир бөлүгү күйгөнү аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт унаа токтотуучу жай тараптагы курулуш калдыктарынын күйүп кетишинен улам чыккан.
Өрт кабарлоочу тутум өз убагында иштеп, өрт көзөмөлгө алынган. Натыйжада имараттын негизги конструкцияларына жана инженердик системаларына зыян келтирилген эмес.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү органдар тарабынан такталууда.
Катталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Борсан Констракшн» ЖЧКсына карата коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жеринде акт түзүлүп, бир катар эскертүүлөр берилди.
Компанияга:
курулуш аянтчасында коопсуздук чараларын толук камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» талаптарын так сактоо;
өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо талаптарын толук аткаруу милдеттендирилди.
Ошондой эле курулуш компаниясына объект боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугу кызматынын тиешелүү корутундусун алуу тапшырылды.