www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектилериндеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, ошондой эле курулуш талаптарынын атарылышы боюнча үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүдө.

Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилери текшерилип, Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде бир катар кемчиликтер аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 9 кабаттуу турак жай имаратына кошо курулуп жаткан объектиде жана жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайдын курулушунда техникалык коопсуздук эрежелеринин жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу аныкталган.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аурум Билдинг” ЖЧКсына карата текшерүү актысы түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Последние новости