www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер органдарына 1969-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринин башчысына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча соттолгон адамды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер андан 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси “Пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы башчысы 1984-жылы туулган Т.М. кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0709 843 307 же 102 номуруна кайрылууга чакырат.