www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-май күнү Бишкек менен Чүйдө эки өспүпрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкектин Свердлов районунда кечээ, 31-май күнү саат 17:18де Учкун кичи районунун Миң-Булак көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2002-жылы туулган М.Н. аттуу эркек бала чөгүп кетти.

Жерине Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматы куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 31-май күнү саат 14:19да ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2001-жылы туулган С.М. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости