www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек менен Ошто шайлоочулардын саны кескин азайды

Форма 2 тизмеси аркылуу шайлоого кирүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандыктан Бишкек жана Ош шаарларында шайлоочулардын саны азайып, башка аймактарда көбөйдү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова үгүт компаниясынын башталышына карата өткөн тегерек столдо билдирди.

Маалым болгондой, 14-декабрга карата өлкөдө 3 миллион 500 миң 582 шайлоочу катталды. 29-декабрга чейин шайлоочулардын саны дагы өсүшү мүмкүн.

«Ош облусунда 726 миң 311, Жалал-Абад облусунда 667 миң 286, Чүйдө жана Бишкек шаарында 410 миң 202 шайлоочу катталган. Чет өлкөлөрдө 35 миң 575 шайлоочу бар.

Жалпылап алганда, парламенттик шайлоого караганда бул ирет шайлоочулардын саны 29 миңге өстү.

Бирок Форма 2 тизмеси аркылуу добуш берүү жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында добуш берүүчүлөрдүн саны кыскарды. Тактап айтканда Бишкек шаарында 80 миң, Ош шаарында 30 миңге аз шайлоочу катталды. Калган аймактарда өсүш байкалды», - деди Шайлдабекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости