www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын комплексине барды.
Бишкек шаардык делегациясын компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого кабыл алды. Ишкананын өкүлдөрү мэрге таштандыларды кайра иштетүүнүн технологиялык цикли, экологиялык көзөмөл системасы жана электр энергиясын өндүрүү процесси тууралуу маалымат беришти.
Комплекстин кубаттуулугу суткасына 10 миң тоннадан ашык тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө жетет. Иш сапардын жүрүшүндө зыяндуу заттардын абага чыгарылышын тазалоо технологияларына, өндүрүш процесстерин автоматташтырылган көзөмөлдөөгө жана калдыктарды коопсуз утилдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Бул ишканага баруу Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүү комплексинин экинчи этабын ишке ашырууга даярдык көрүү алкагында маанилүү болду. Долбоорду да Junxin компаниясы ишке ашырууда.
Бишкектеги заводдун биринчи этабы суткасына 1000 тонна калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген.
Экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага жетет.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Чанша шаарынын тажрыйбасын Бишкекте таштандыларды кайра иштетүү жана экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрүү системасын өнүктүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.