www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) Кытайдын ири бизнес жана финансылык борборлорунун бири болгон Шанхай шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты.

Өкүлчүлүктүн ачылыш аземине СӨПтүн президенти Темир Сариев катышты.

Палатанын маалыматына караганда, Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Шаар Кытайдын ири финансылык, технологиялык, өнөр жай жана логистикалык борборлорунун бири болуп, анда кытайлык жана эл аралык ири компаниялардын штаб-квартиралары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан.

Өкүлчүлүктүн ишинде соода көлөмүн көбөйтүү менен катар биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Буга чейин СӨПтүн президенти Темир Сариев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 100 биргелешкен ишкана түзүү демилгесин көтөргөн.

«Биздин максат — Кытай менен сооданы гана көбөйтүү эмес. Кытайдын технологияларын, инвестицияларын жана өндүрүштүк тажрыйбасын Кыргызстанга тартуу менен биргелешкен ишканаларды, жаңы жумуш орундарын жана жогорку кошумча нарктагы продукцияларды түзүүнү көздөйбүз. 100 кыргыз-кытай ишканасын түзүү демилгеси конкреттүү долбоорлор менен бекемделиши керек», — деди Темир Сариев.

Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы аталган демилгелерди ишке ашырууга багытталган практикалык кадам катары белгиленди.

Последние новости