www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы буга чейин убадалаган 100 автобусту ала албай калды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Жыйында депутат Мирлан Бакиров мэриянын газ же электр энергиясы менен жүргөн автобустарды алуу планы кайсы стадияда экенин сурады.

"Былтыр өткөн тендер боюнча каражаттын жоктугунан улам ала албай калдык. Азыр кошумча каражат издеп, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен сүйлөшүп жатабыз. Быйыл жыл соңуна чейин алып калабыз деген ойдобуз", — деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айында тендер өтүп, аны кытайлык Zhengzhou Yutong Bus компаниясы утуп алган. Ишкана 657 миллион 977 миң сомго 100 автобус алып келип берери күтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости