www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов партиялык система менен шайлоону ящиктеп сатылып, жарымынан көбү жараксыз чыккан алмага салыштырды.
Кечээ, 25-мартта парламентте Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Сулайманов демилгелеген мыйзам долбоорун жөнөкөй тил менен түшүндүрүү үчүн алманы мисалы келтирди.
"Эл базарга барса бир нече ящикте алмалар тизилип турат. Партиялык система "алманы ящиги менен ал" дейт, кардар "жок, мен сорттоп алышым керек" дейт. Сорттоп жакшысын алганга мүмкүнчүлүк бериши керек. Эгер ящиги менен үйүнө алып барса жарымынан көбү жараксыз болуп чыгат. Ичинде чириги, көгү, курт жегени, мөөнөтү өтүп кеткени бар. Жарымын сорттоп ыргытабыз, эч нерсеге жарабай калат. Партия да ушундай болуп жатат. Ошон үчүн элге тандап алганга мүмкүнчүлүк берилиш керек", — деди Сулайманов.
Ошол учурда депутат Мирлан Жээнчороев ящиктин ичинде быша элек көк алмалар дагы болорун кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg