www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Ташкенттен келди. Чек ара маселеси чечилдиби?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Ташкенттен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон.

Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган.

«26-мартта өкмөт үйүндө протоколдун мазмуну тууралуу кенен маалымат берилет», — деп жазылат билдирмеде.

Маалымат кызмат убактысы кийинчерээк айтыларын белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости