www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылуу жасады

Борбор калаада санитардык-эпидемиологиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жардамы менен Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын кызматкерлери автоунааларын дезинфекциялоону улантууда.

"Күн сайын автобустар жана троллейбустар өздөрүнүн токтой турчу жерлеринен санитардык тазалоодон жана дезинфекциядан өтүп жатат. Кармагычтар, рулдар, панелдер жана кире бериш эшиктер бир пайыз хлорамин аралашмасы менен сүртүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Айдооочулар күн сайын медициналык кароодон өтүп, дене табы көтөрүлүп, курч кармаган респиратордук оорулардын симптому барлар линияга чыкпай турганы кошумчаланды.

Ошондой эле мэрия жүргүнчүлөрдөн бет кап тагынып, бир нерселерди кармагандан кийин бактерияга каршы каражаттарды колдонуп, колду таза жууп турууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости