www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы «Ош базарынын» аймагын иретке келтирип, андагы сойкуканаларды жоёт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Ленин акимиатында сойкуканаларды уюштурууну токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өткөн.
«Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүнүн айланасындагы сойкуканаларды жоюу маселеси талкууланды. Райондук акимиаттын кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо максатында биргелешип рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле, тротуарларда, жол жээктеринде соода кылып жаткандарга рейд жүрүп, айрымдарына эскертүү берилди», - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жайма базарларды иретке келтирүү боюнча УКМКдан жардам сурап кайрылган.
Булак: NazarNews.kg