www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобустардын ишин жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыгат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин шаардагы жүргүнчү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугушуусунда айтылды.

Фирмалардын жетекчилери шаардык транспортту башкаруу мекемелеринин, таксомотордук кызматтардын ишине сын айтып, жол кире тарифтери боюнча маселени да көтөрүштү.

Түлөбаев эгер экологияга зыян келтирбей турган транспорт каражаттарын колдонуу сунуш кылынса, бизнестин мындай түрү үчүн мамлекеттик-жеке кызматташтык шартында маршруттук линияларды бөлүп берүүгө макулдук болорун айтты.

Борбор калаанын транспорттук мекемелерине жүргүнчү ташуучу ишканалар менен кызматташтыкты жөнгө салып, нормативдик-укутук базаны иретке келтирүү боюнча тапшырма берилди.

Кичи автобустардын ишин жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын календарлык планы 10 күн ичинде иштелип чыкмай болду.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү муниципалдык троллейбус жана автобустардан тышкары 41 жеке компаниянын кичи автобустары тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости