www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев Украина элчиси менен жолукту

Кечээ, 16-ноябрь күнү тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Казакбаев Украинанын элчисине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жана алдыдагы маанилүү саясий иш-чаралар тууралуу айтып берген.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери боюнча пикир алмашкан. Ошондой эле тараптар сасяий диалогду жандандыруу керектигин белгилеп, биргелешкен жолугушуу жана сапарлардын графигин карап, тышкы иштер министрликтеринин саясий кеңешмелерин өткөрүүнү талкуулашкан.

“Кыргыз тарап соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү керектигине, өз ара кызыкчылыктарга ээ, маселен, энергетика, тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну демилгелөөгө басым жасаган. Элчи Украина тараптын Кыргызстанда соода-өнөр палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу пландары бар экенин билдирди”, - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости