www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагы жардам келет. Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт

Коронавирус менен күрөшүү максатында Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин маалымат кызматынын билдирмесине таянып кабарлады.

Ага ылайык, гумжардам коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен берилмекчи.

"Кыргызстанга өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын 400 мобилдик комплекти жана Казакстандын ишканаларынан чыккан эки миллион бет кап жиберилмекчи", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө гуманитардык жардам боюнча мындай чечим кыргыз тараптын расмий түрдө кайрылуусунан кийин кабыл алынганы белгиленген.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Анда тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүшкөн.

Эске салсак, жакында эле Кыргызстанга Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости