www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга кечээ, 15-ноябрда Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары жана медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жүктү вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды. Ал жерде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов болду.

Жардам катары төмөнкүлөр жеткирилген:

Гепарин 5 мл. – 1 миң куту;

Ремдесевир – 5 миң таңгак;

COVID-19ду алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң;

COVID-19ду аныктоо тести – 10 миң даана;

100 мл. натрий хлор – 4 миң даана;

бир жолку шприцтер – 60 миң даана;

тамчылатуучу система – 20 миң даана

бир жолку кол каптар – 100 миң даана;

бир жолку коргоочу комбинезондор – 10 миң даана;

коргоочу көз айнектер – 2 000 даана;

бир жолку бет каптар – 100 миң даана;

Кыргыз өкмөтүнүн атынан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

"Бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө багытталган алгачкы гуманитардык жардам эмес. Белгилей кетсек, кыйынчылык учурда Өзбекстан тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо өз учурунда берилген. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин көрсөткүчү болуп саналат", - деген Сурабалдиева.

Кыргызстанда да дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле COVID-19 баш көтөрүүдө. Соңку суткада өлкөдө коронавируска 551 адамдын кабылганы жана үч кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости