www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сиз мамлекеттин башында турган учурда - сабырдуулуктун, айкөлдүктүн жана адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн көп кадамдарды жасадыңыз.

Достукту бетине кармап алып, жеке кызыкчылыгынан өйдө боло албаган адамдын ыплас сөзүнө, жалааларына, адам чыдагыс айыптоолоруна, ал тургай "мунафык, каапыр" деген мусулман баласы үчүн эң жагымсыз сөздү уксаңыз дагы сабырдуу болдуңуз.

Бүгүн алар, "досун сатты" деп айтып жүрүшөт. Сиз дос болумуш эткен арам ойлуу бир адамдын жеке каалоосун - миллиондогон элдин кызыкчылыгынан жогору койгонуңуз уурулардын тарапташтарына жакпай калды.

Айрым басма сөз каражаттары, өздөрүн активист атап алган бейбаштар кемсинтип, каалагандай шылдыңдаса дагы теңелген жоксуз.

Мамлекетти башкарган алгачкы жылыңыз эл аралык достукту бекемдөө, бузулган мамилелерди калыбына келтирүү менен өттү. Экинчи жылы, тейтеңдеген "досуңуздун" жиндилиги убактыңызды алды. Үчүнчү жылыңыз санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү, мектеп, ички жолдорго асфальт төшөө, шаардарды жарыктандыруу, парктарды, ооруканалардын курулуштары, элет жерине таза суу чыгаруу менен уланды. Бирок, дүйнөнү каптаган апаат, COVID-19 илдети аябай тоскоолдук кылды. Экономикалык кризиске карабай ыкчам аралыкта заманбап ооруканалар салынып, колдонууга берилди.

Акыркы саясий окуяларга байланыштуу, элдин тынчтыгы, бакубат жашоосу жана саламаттыгы үчүн кызматты тапшырып кеттиңиз. Сизди колдогон миллиондогон эл, керек болсо кызыл өңгөчү үзүлгөнчө өкүрүп, кет деп жаткандар дагы отставкаңызды оор кабыл алышты.

Чыгып бара жатканда кол чабуулардын коштоосунда, өтө жогорку сый урмат менен узатуу болду. Азыр жүзүңүз жарык, карапайым эл менен жума сайын намазга барып, күн санап кадырыңыз өсүп жатканы байкалууда.

Арабызда аман жүрүңүз, көп жашаңыз! Сизге сый урматым абдан жогоруу! 62 кутман курагыңыз кут болсун!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости