www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эгемендигин Анкара гана тааныган Түндүк Кипрге барып, эл аралык коомчулук Кипрдин эки мамлекетке бөлүнгөнүн расмий таанышын каалай турганын билдирди.

«Кипрде эки эл жана өзүнчө эки мамлекет бар. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки тарап өзүнчө мамлекет болушу керек», — деди Эрдоган.

Түндүк Кипр 1983-жылы өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Ага чейин аралдын кипрлик түрктөр басымдуулук кылган түндүк бөлүгүн Түркиянын аскерлери оккупациялап алган. Аны эгемен өлкө катары Анкара гана тааныган.

Буга чейин Кипрдин эки жамааты аралды бириктирүүнүн мүмкүндүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Айрым басылмалар белгилегендей, Кипрдин түндүгүндө Эрдоган колдогон саясатчы Эрсин Тартар бийликке келгенден кийин эки тарапты кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр мурдагыдан да оорлоду. Тартар эл аралык коомчулук Түндүк Кипрдин эгемендигин таанышы керектигин билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости