www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адилет Малдыбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин Малдыбаев Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Адилет Малдыбаев 1989-жылы Каракол шаарында туулган. Ал аталган шаардагы №11 М.Горький атындагы мектеп-гимназиясын бүтүргөн. Жогорку билимди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алган.

Ал эми 2018-жылдан бери мэриянын аппаратын жетектеп келген Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости