www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала бакчаны курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчисин (“О.С.”) кармады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
“Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен иш алып барып, дээрлик 70 млн сомго бала бакча куруу үчүн атайылап пайдасыз келишимдерди түзгөндүгү аныкталды”, - деп билдирет Каржы полициясы.
Бүгүн түштөн кийин Биринчи май райондук соту тарабынан анын бөгөт чарасы каралат.
Булак: NazarNews.kg