www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсеп палатасы Бишкек мэриясынын 2021-жылдагы ишмердигин текшерүүдө 1 млрд. 778 млн. сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, 917 миң сом айлыкка негизсиз төлөнгөнү, 635 миң сом иш сапарларга ашыкча коротулганы, курулуш иштерине 12 млн. сом ашыкча жумшалганы, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасында 3 млн. 264 миң сом максатсыз пайдаланылганы белгилүү болгон.
Эсеп палатасы юридикалык баа берүү өтүнүчү менен айрым каржылык мыйзам бузуулар боюнча материалдарды Башкы прокуратурага жиберди.
Эми бул кыңыр иш боюнча канча мэр суракка чакырылып, канчасы жоопкерчилик тартып, чыгымдын ордун толтурат, чоң суроо... Анткени, 2021-жылы бир нече жолу мэр алмашыптыр. Башкача айтканда, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Кудайбергенов, анан бир жума Таалайбек Сарыбашев, Айбек Жунушалиев мэр болушкан. Кимиси, иштин баарын ылайлап кеткенин эми тергөө аныктаса керек. Анткени, акыры бирөө-жарым жоопкерчилик мойнуна алышы керек да...
Булак: NazarNews.kg