www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда аткаминер пара катары алган акчаны жеп салган. Бул тууралуу News9Live басылмасы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Индияда айыл чиновниги пара катары алган беш миң рупийди (5300 сом) аны кармоо үчүн келген полициянын көзүнчө жеп салган. Окуя Мадхья-Прадеш штатындагы Бархеда айылында болгон. Жерди эсепке алуу жана жер ээлеринен салык чогултуу кызматын аркалаган Гаджендра Сингхтин үстүнөн жергиликтүү тургун пара талап кылып жатканын айтып арыз жазган. Тартип сакчылары абийирсиз мамлекеттик кызматкерди пара алып жаткан жеринен кармоону чечишкен.

Бархедалык киши Сингхке керектүү сумманы бергенден кийин, полиция кеңсеге кирип келген. Аларды көргөн чиновник акчаны оозуна салып, чайнап, жутуп алууга аракет кылган. Пара жеген процессти дароо үзгүлтүккө учуратпаган полиция кызматкерлери аны видеого тартып, андан соң "эл кызматчысын" ооруканага алып барышкан.

Сингх пара алуу үчүн камакка алынган. Полициянын билдирүүсүндө мамлекеттик кызматкер акчанын баарын жутуп алганга үлгүрбөй калган. Анын бир бөлүгүн оозунан алынган.

 

Булак: NazarNews.kg             

 

Последние новости