www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы «Ош» базарында эт саткан соодагерлердин таразалары текшерилди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү шаар тургундарынан соодагерлер товарды кем тартып сатып жатканы тууралуу түшкөн кайрылуулардын негизинде жүргүзүлгөн.
Муниципалдык инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбековдун айтымында, учурда инспекция мындай мыйзам бузуулар үчүн түздөн-түз жаза колдонуу укугуна ээ эмес.
Текшерүүлөрдүн негизги максаты — соодагерлерди тартипке чакыруу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Мекеме мындан ары да шаар аймагындагы соода жайларында көзөмөл иштерин уланта турганын белгиледи.