www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиянын түштүгүндөгү Битонто шаарында жашаган аял 1 миллион евро утуп алган лотерея билетин жаңылыштык менен таштандыга ыргытып жиберген.
Маалыматка ылайык, ал билетин сатуу пунктуна текшерткенде автоматтык система «төлөнбөйт» деген билдирүү чыгарган. Муну туура эмес түшүнгөн аял билет жараксыз деп ойлоп, аны таштандыга таштап салган.
Бирок үйүнө баргандан кийин жакындары менен кайрадан номерлерди текшерип көрүп, билет чындыгында 1 миллион евро утканын аныкташкан. Көрсө, утуштун суммасы өтө чоң болгондуктан, аны билет сатылган жерде төлөп берүү мүмкүн эмес экен.
Андан соң жергиликтүү таштанды чыгаруу кызматы жардамга келип, таштанды салынган унаанын жүргөн багытын аныктап, издөө иштерин баштаган. Коммуналдык кызматкерлер таштандыларды кол менен иргеп чыгып, таңга маал айрылган таштанды баштыгынын ичинен баалуу билетти таап чыгышкан.
Ошентип, кокусунан таштандыга ыргытылган билет коммуналдык кызматкерлердин аракети менен кайра табылып, аял 1 миллион евролук утушунан куру калган жок.