www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги өз жарандарынын чет өлкөгө чыгуу тартибин күчөткөн жаңы эрежелерди кабыл алды. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңеши жарыялаган 19 пункттан турган токтомдо айтылат.

Жаңы тартипке ылайык, Кытай жарандары чет өлкөгө чыгар алдында сапары тууралуу так жана ишенимдүү маалымат берүүгө милдеттүү. Зарыл болгон учурда иммиграция жана виза кызматкерлери кошумча документтерди да талап кыла алышат.

Ошондой эле жарандарга кооптуу деп эсептелген өлкөлөргө жана аймактарга барбоо сунушталат.
Миграциялык документтер боюнча алдамчылыкка барган же мыйзам бузган Кытай жарандарына үч жылга чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Ал эми чет өлкөлүк жарандар ушундай эле мыйзам бузууларга жол берсе, аларга 1 жылдан 5 жылга чейин Кытайга кирүүгө тыюу салынат.

Последние новости