www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясында калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен подряддык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшү боюнча кеңешме өттү.
Мэриянын маалыматына ылайык, 2026-жылы борбор калаада 127 көчөдө оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле 29 көчөдөгү тротуарларды жаңылоо пландалган. Учурда 119 объектте иштер башталып, анын ичинен 46 объектте, анын ичинде 33 жол тилкесинде жана 13 тротуарда оңдоо иштери толук аяктады.
Кеңешменин жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы жана долбоорлорду өз убагында бүтүрүү маселелери каралды. Подряддык уюмдарга келишимдик милдеттенмелерди так аткаруу жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча талаптар коюлду.
Мэрия белгилегендей, талаптарды аткарбаган подряддык уюмдарды ишенимсиз жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүн. Бул аларды келечекте мамлекеттик сатып алууларга жана муниципалдык кызматтардын тендерлерине катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Ошондой эле подряддык уюмдардын өкүлдөрү айрым тилкелерде иштерди жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан көйгөйлөрдү көтөрүштү. Жыйындын жыйынтыгында көйгөйлүү участоктордо шаардык кызматтар жана подрядчылар менен биргеликте көчмө кеңешме өткөрүп, ар бир маселени жеринде карап чыгуу, жооптуу аткаруучуларды жана аткаруу мөөнөттөрүн аныктоо чечими кабыл алынды.