www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ново-Николаевка айылындагы Жайыл Баатыр атындагы орто мектептин аймагында «Чүй-Өз ара аракеттенүү–2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү.

Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгуу мамлекеттик маанидеги эл аралык иш-чаралардын алдында күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жана координациясын күчөтүү максатында уюштурулган.

Машыгууну УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, генерал-майор А.Т. Эрбаев жетектеди.

Сценарий боюнча шарттуу террордук топ мектеп имаратын басып алып, билим берүү мекемесинин кызматкерлерин барымтага алган. Кооптуу кырдаал тууралуу белги түшкөндөн кийин күч түзүмдөрү ыкчам аракетке өтүп, аймактык штаб түзүлүп, антитеррордук операция жүргүзүлдү.

Машыгууда объектти курчоо, барымтадагыларды бошотуу, атайын бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча аракеттер практикалык түрдө иштелип чыкты.

Иш-чарага УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, «Альфа» атайын багыттагы бөлүгү, ички иштер органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Куралдуу күчтөр, Чек ара кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.

Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар, бронетехника, сапёрдук атайын техникалар, Ми-8МТВ тик учагы жана авариялык-куткаруу техникалары колдонулду.

Машыгуунун жыйынтыгында бардык шарттуу барымтадагылар ийгиликтүү бошотулуп, коюлган тапшырмалар толук аткарылганы белгиленди.

УКМК мындай иш-чаралар террордук коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталганын билдирди.

Последние новости